Жаш түрктөр революциясы (1908)

1908-жылы Осмон империясында конституциялык башкаруунун калыбына келтирилиши

Жаш түрктөр революциясы (1908) – Турциядагы Абдул-Хамид IIнин өкүмдар тартибине каршы багытталган революция. Султан Абдул-Хамид IIнин бийлигин кулатуу, конституциялык түзүлүш орнотуу максатын көздөгөн. Империалисттик державалардын 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Осмон империясын жарым көз карандылыкка айландырышы, султан Абдул-Хамид IIнин катаал сурагы элдин нааразылыгын күчөтүп, буржуазиялык интеллигенттерди, асыресе офицерлер чөйрөсүн кыжырланткан. Кыймылды «Биригүү жана прогресс» уюмунун мүчөлөрү башкарган. 1908-ж. 3-июлда майор Ниязинин, 6-июлда майор Энвердин колу көтөрүлүш чыгарып, 23-июлда бир катар шаарларды (Салоники, Биотль жана башка) ээлеген. Өлкөдө 1876-жылдагы конституция калыбына келтирилип, Абдул-Хамид II парламентти чакырууга аргасыз болгон. Бирок 2-жолу бийликке келген Абдул-Хамидди кулатып (1909-ж., 27-апрель), жаш түрктөр бийликке келишкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1