Жаяндар, жаян сымалдар (лат. Siluroidei) – каңылтыр сымалдар түркүмүндөгү балыктардын түркүмчөсү.

Жаян (Silurus glanis).

Денеси жылаңач, түрпүлөрү жок, уз. 5 м ге, салм. 300 кг га жетет. Бир нече жуп муруту, жаагында тиши бар. Жаяндар тузсуз сууда, кээ бир түрлөрү деңизде жашоого ыңгайланган. Жаяндардын көпчүлүгү жырткыч болгондуктан, башка балыктарга, ал тургай адамга кол салган учуру болот. Алар омурткасыз жаныбарлар, планктон менен азыктанат. Бардык Жаяндар урук (икра) таштайт.

Жаяндар түркүмчөсүнүн 28 тукуму тропик жана мелүүн алкактарда кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.