Жаңы-Арык (Кара-Суу району)

Жаңы-АрыкОш облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Куршаб суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийикте жайгашкан. Райондун борбордук жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 18 км чыгыш тарапта. Кыштак 1960-жылы негизделген. Калкы 5212 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамеки ферменттөөчү завод жана башка иштейт. [1]

Жаңы-Арык
Жаңы-Арык
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

5 986 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.