Жекече туунду, айрым туунду – дифференциалдык эсептөөдөгү бир гана аргумент өзгөрүлгөндө бир нече өзгөрүлмөнүн функциясынын өзгөрүү ылдамдыгын мүнөздөөчү түшүнүк. Көп аргументтүү (көз каранды эмес чоңдуктардын) u=f(x , x2,..., xn) функциясынын x. (i=1, п)ден башка бардык аргументтерин турактуу деп эсептеп, х. боюнча алынат. Ал du/dx, f(x), i=1,п деп белгиленет. Көп өзгөрмөлүү функциялардын эң жөнөкөй эки аргументтүү z=f (x, y) функциясы (x0, y0) чекитинин аймагында аныкталса, y=y0 деп алынса, f(x, y0) функциясы x өзгөрмө чоңдугуна көз каранды болот. Эгер f(x, y0) функциясы x0 чекитинде туундуга ээ болсо, анда ал туунду f(x, y) функциясынын (x0, y0) чекитиндеги x боюнча алынган жекече туундусун берет, ал төмөнкүчө белгиленет: fx'(х0, у0) же df(x0,y0) dx.

Колдонулган адабияттар түзөтүү