Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюмдун түпкүлүгү, чыккан негизи, үлгүнүн материалы.
Жердик — буюмдун туруш-турпаты. Буюм жердикти тандайт. Жакшы жердик кандай буюм кармоону өзү эле айтып турат. «Жердиги мыкты экен» — деген сөз мына ошондон калат. Кардар адамдар абалы дал ошол жердикти карап, мамиле кылышат. Демек, буюмдун чыккан башаты ошол жердик ойдогудай болсо, чебердин өзү да кызыга кармайт. Анткени, узанган жана узданган сайын кереметтүү сырлар ачылып, аны улам каалагандай өзгөртүүгө ийкемделет да, чебердин чыгармачылыгын арттырат.

Начар жердик чебердин иш-аракеттерине шек келтирет. Көңүлдү кайт кылып таштайт. Аны адамдар да көңүлдөрү чөгөт кабыл алат. Мисалы, сынпостоо үчүн ээрди каптап, ага наар түшүрүүдө сөзсүз кара булгаары керек. Ат жабдыктарына кайыш, шөкөттөөлөргө күмүш, жез, нейзильбер, мельхиор, датчалбас өңдүү түстүү металлдар, оймочулукта кийиз, саймачылыкта баркут, үй жыгачтарына тал, терек, токуучулукта, түймөчүлүктө, өрмөчүлүктө жип, бычмачылыкта кездеме, чырмакчылыкта чий, эшмечиликте кыл, көн-шири буюмдарында тери жасалуучу буюмдун жердиги болуп саналат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)