Жердин жасалма жандоочулары

Жердин жасалма жандоочуларыЖер орбитасына чыгарылган космосто учуучу аппараттар (космос кемеси, экипажы бар орбиталык станция жана автоматтык жандоочу). Автоматтык жандоочу (адам иштебей турган) башка жандоочулардан конструкциясы боюнча айырмаланат. Жердин жасалма жандоочулары орбитага биринчи космос ылдамдыгынан кем эмес ылдамдыкта көп баскычтуу ракеталардын жардамы менен чыгарылат. Жердин жасалма жандоочулары өз максаты, аткара турган милдети, орбитасы, бортундагы жабдуулардын тиби боюнча ар кандай түргө бөлүнөт. Илимий-из. жүргүзүүчү жандоочулары Жер жана анын тегерегиндеги мейкиндик жөнүндө маалымат алуу жана астрономия, биология, медицина жана башка боюнча изилдөө жүргүзөт. Орбитасы тегерек, эллипстик, экватордук, уюлдук жана туруктуу жандоочулар бар. Туруктуу жандоочу жер бетинен 35 860 км алыстыкта бир чекитте «асылып турат», алар байланыш үчүн өтө ыңгайлуу. Жандоочулардын өлчөмү, массасы ар түрдүү. Биринчи жандоочунун диаметри 0,58 м, массасы 83,6 кг болгон. Эң кичине жандоочунун массасы 700 г, ал эми «Протон-4» деген жандоочунуку – 17 т. Алгачкы Жердин жасалма жандоочуларынын бири 1957-ж. 4-октябрда учурулган. Колдонмо жандоочу эл чарбасына керектүү маалымат жыйнайт жана ракета-космостук техниканы сынайт. Байланыш жандоочу – телекөрсөтүү программасын берет, радио, телефон, телеграф байланышын камсыз кылат. Мисалы, «Молния» жандоочусу КМШ өлкөлөрүнүн борбордук телекөрсөтүү программасын жеткирет. Метеорология жандоочу – Жердеги станцияга Жердин булут, кар, муз катмары, жер бетинин жана атмосферанын температурасы жөнүндөгү маалыматты берип турат. «Космос» сериясындагы жандоочулардан, «Тирос», «Эсса», «Тимбус» метеорология жандоочуларынан алынган маалымат аба ырайын алдын ала тактайт, жакындап келаткан бороон-чапкын жөнүндө эскертет. Навигациялык жандоочу – деңиз кемесинин Дүйнөлүк океандагы абалын аныктайт. Жердин жаратылыш байлыгын иликтей турган жандоочу да бар. Ал айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмүн алдын ала айтат, пайдалуу кен чыга турган жерди, зыянкечи көп токойду аныктап, жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын көзөмөлдөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1