Жер астындагы муздаркөп жылдык тоң тараган аймактардагы тоңгон тоо тек катмарындагы жана кыртышындагы муздар. Жаралышы боюнча баштапкы – борпоң тектердин тоңушунан пайда болгон муздар (муз-цемент), кийин жаралган жаракаларда (тарам муз), көңдөйлөрдө жана боштуктарда (үңкүр музу) суунун жана суу буусу кристаллдашкан муздарга, алгач жер бетинде пайда болуп, кийин чөкмө тектердин астында калган (көмүлгөн муз) муздарга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1