Жетиген (жылдыз) — эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:

Какандын шаарын каралап,

Каз моюл журтун аралап,

Жетиген жакка барбасын.

Жетимурук журту бар,

Желмогуздай ушулар (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).

Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган: "Эми көчүп бул жерден Жетиген жакка кетеби" (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).

Жетигендин тарабы

Жери Кенжут карады,

Күн чыгышы Ималай

Шолорду да жердеген

Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4