Башбаракты ачуу

Жети-СууОрто Азиядагы тарыхый-географиялык аймак. Чыгышынан Жуңгар Ала-Тоосу, батышынан Жети-Жол-Коңур тоолору, түндүгүнөн Балкаш көлү, түштүгү Иле Ала-Тоосуна чейинки жерлерди камтыйт. Тарыхый даректер жана айрым илимий изилдөөр боюнча Жети-Суунун аталышы ушул аймактагы жети өзөнгө байланышкан деген пикир басымдуулук кылат. Айрым илимпоздор Лепси, Баскан, Саркант, Ак-Суу, Бөйөн, Кара-Тал жана Кел-Сууну атаса, экинчилери Баскан, Сарканттын ордуна Аягөз менен Илени кошот. В. В. Бартольд Иле дарыясынын түндүк-чыгышындагы Көк-Суу, Кара-Тал, Кызыл-Агач, Бөйөн, Ак-Суу, Баскан, Лепси сууларын киргизген. Ал эми А. К. Гейнс Кызыл-Агачтын ордуна Саркант суусун көргөзөт. Орто Азиянын Россия империясына каратылышы менен 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугунун алдында Жети-Суу (Семиречье) облусу түзүлүп, ага Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери карап, облустун чек арасы Курагаты (Корготу) жана Чүй суусунун оң жак жээги менен өткөндүгүнө байланыштуу, бул облуска караган жерлер жалпысынан Жети-Суу деген аталышка ээ болгон. Батыш (Рим, Византия ж.б.) менен Чыгышты (Кытай, Индия) байланыштырган Улуу Жибек жолуна байланыштуу Жети-Суу аймагы байыркы доордон бери стратегиялык мааниге ээ болуп, кээ бир учурда гүлдөгөн маданиятка жетишкен. Б. з. ч. 7–4-кылымдарда сак уруулары (кытайча, сэ) жашаса, б. з. ч. 2-кылымда аларды юечжилер сүрүп чыгып, Кушан державасы түзүлгөн. Б. з. ч. 1-кылымдан б. з. 4-кылымынын башына чейин усундар; 4–6-кылымда жужаңдар мекендеп турган. 6-кылымда Жети-Суу Түрк кагандыгынын (581-ж. Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн), 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгынын, 766-ж. карлуктардын Суябды басып алышы менен алардын ээлигинде калган. 9–10-кылымдарда жазылган араб-перс тилиндеги эмгектерде Жети-Сууда негизинен жикилдер менен кыргыздар (хырхыс) турганы эскерилет. 10–11-кылымда Караханиддер мамлекети курулуп, 1129–30-ж. аны кидандар каратып алган. 1218-ж. Чыңгыз-хан басып алып, көп өтпөй Чагатай улусу, 14-кылымда Хайду негиздеген мамлекетке, 15-кылымда Моголстанга карап калган. 16-кылымдын 60–70-жылдарында анын толук эмес бөлүгүнө (Иле дарыясынын чыгышы) Казак хандыгы ээ болгон. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын 50-жылдарына чейин Жуңгар хандыгынын (1635–1758) кол алдында калган. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин Олуя-Атадан Илеге чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келип, жайгаша баштаган. 19-кылымдын башында Иленин оң жээгине чейинки аймак Кокон хандыгынын ээлигине өтүп, бир нече чептер курулган. 1860-жылдагы Узун-Агач согушунда кокондуктардын жеңилиши менен Жети-Суу аймагы акырындап падышалык Россиянын колониясына айланган. 1924–25-ж. ишке ашкан Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүнөн кийин Жети-Суу Кыргызстан менен Казакстандын курамында калган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963;
  • Румянцев П. П. Уезды Джетысу. А., 2000.