Жижка Ян (1360-ж. ченде – 11. 10. 1424) – чех элинин улуттук баатыры. 1410-жылдагы Грюнвальд салгылашына катышкан жана табор түзүлгөндөн кийин Жижка төрт гетмандын бири болгон. Прага үчүн болгон салгылашта жеңишке жетүүдө зор роль ойногон (1420-ж. 14-июль). Виткова тоосундагы коргонууну билгичтик менен башкарган (1950-ж. бул жерде Жижканын эстелиги коюлган). 1420-ж. декабрдан Жижка таборчулардын 1-гетманы. Гусчулар (1422) оң жана сол тарапка бөлүнгөндөн кийин Жижка таборчулардын сол тарабын башкарган. 1423-ж. Жижка түндүк-чыгыш Чехияда борбору Градец-Кралове болгон солчул гусчулардын «Оребит боордоштугу» деген уюмун түзгөн. Ж. өлгөндөн кийин бул уюмдун мүчөлөрү өзүлөрүн «жетимдер» деп аташкан. Жижка сапаты жана темирдей тартиби жагынан айырмаланган аскер уюштурган. Аскер жол-жобосун иштеп чыккан, жөө жана атчан аскердин түрлөрү менен катар замбирекчи аскерлерди түзгөн. Жижканын стратегиясы талаа салгылашында душманга чечкиндүү сокку урууга багытталган. Бул рыцардык аскерди жеңүүгө шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1