Жип түрүүчү машина - кездеме токууда эриш жана аркак жиптерди түрүүчү механизм. Эриш жиптер жарыш жана кайчылаш түрүлөт. Мындай түрүлгөн жиптер ташууга, кайра түрүүгө, боёого ыңгайлуу. Жип түрүүчү машина жипти конус, цилиндр жана башка формада түрөт. Жип түрүү үчүн көбүнчө М-150 машинасы колдонулат. Жип түрүүчү машина жип оролуучу, жипти жаткыруучу, көзөмөлдөп-тазалоочу жана тартуучу жабдуулардан турат. Түрүлгөн жиптер токууга жөнөтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү