Жоди Линн Пиколт (англ. Jodi Lynn Picoult; 1966-жылдын 19-майында туулган) — америкалык жазуучу. Ал 2003-жылы көркөм адабият жаатында New England Bookseller сыйлыгына татыктуу болгон. Учурда дүйнө жүзү боюнча Пиколттун 14 миллиондой китеби 34 тилге которулуп басылган.

Жоди Пиколт (2013).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Пиколт Аллан Хайнберг кеткенден кийин эле DC Comics басмаканасынын "Керемет аял" (3-т.,) сериалына жазуучу болуп калган. Анын биринчи саны (6) 2007-жылдын 28-мартында, ал эми акыркысы 2007-жылдын 27-июнунда чыккан.

Пиколттун "Он тогуз мүнөт" (англ. Nineteen Minutes) аттуу бир чакан шаарчадагы мектепте болгон атышуудан кийинки окуяларды баяндаган романы New York Times гезитинин бестселлер тизмесинин алдыңкы сабынан орун алган биринчи китеби болуп калган. Анын "Чоочун жүрөк" (англ. Change of Heart) китеби 2008-жылдын 4-мартында басылып чыгарылып, Пиколттун New York Times гезитинин бестселлер тизмесинин 1-катарынан орун алган экинчи романы болуп калган. 2009-жылдагы "Назик дил" (англ. Handle with Care) жана 2010-жылдагы "Үй эрежелери" (англ. House Rules) аталган бестселлер тизмеде дагы 1-саптан орун алган.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү