Жолдубаев, Темирбек Жукешович


Темирбек Жукешович Жолдубаев (орусча Темирбек Джукешович Джолдобаев; англисче Temirbek Joldubaev; 1961-жылы чын куран (апрел) айынын 2синде туулган) - Кыргызстандагы заманбап жазуучулардын бири, ишкер.

Темирбек Жукеш уулу Жолдубаев. Бишкек, Кыргызстан. 01.10.2015.


Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Темирбек Жукешович Жолдубаев 1961-жылы чын куран (апрел) айынын 2синде Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында туулган.

Атасы Жүкөш Жолдубай уулу Эшбото небереси ошол эле айылда туулуп-өскөн. Уруусу - төңтөгөр (кытай уруусуна кирет). Энеси Саадат Оомат кызы - Жайыл районунун Ак-Башат айылынан. Уруусу - жутма (солто уруусуна кирет).

1978-жылы Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Будённый атындагы орто мектепти аяктаган.

1979-81-жылдары Советтик армияда Украинанын чыгышында танк айдап кызмат өтөгөн.

1982-85-жылдары Фрунзедеги курулуш техникумунда окуган. Адистиги - өнөржайдагы жарандык курулуш тармагынын инженери.

1985-90-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) география факултетинде сырттан окуган.

1985-2013-жылдары Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Ак-Суу айылында Ак-Суу кант ишканасында жана крахмал даярдоо ишканасында курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.

2014-жылдан тартып азыркыга чейин Бишкек шаарында курулуш тармагында иштеп келет.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

2013-жылы декабрда Кыргызстан Жазуучулар Биримдигине мүчө болду.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Мунара Мыскалбек кызы. 1964-жылы туулган. Алар 1985-жылы баш кошушкан.

Балдары - Рамис (1986), Гүлназ (1988), Исламбек (1991), Айпери (1993).


Чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

  • Ойлон, изден, тап: Кыргызча кроссворддор жыйнагы. - Бишкек, 2000.
  • Өмүр толкун: Ырлар жыйнагы. - Бишкек, 2003.
  • Кыял чабыты: Ырлар жыйнагы. - Бишкек, 2007.
  • Кыял сырлары: Ырлар жыйнагы. - Бишкек, 2011.
  • Актоко: Баян. - Бишкек, 2015.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү