Жол куруучу машиналаравтомобиль жана темир жолдорду курууда жана оңдоодо, ошондой эле гидротехника, граждандык, өнөр жай жана аэродром курулуштарында комплекстүү жумуш аткаруучу машиналар. Жол куруучу машиналар бир нече түргө бөлүнөт: алдын ала даярдоо жумуштары үчүн – дарак кулаткычтар, бадал кескичтер, дүмүр чыгаргычтар, таш жыйнагычтар, жумшарткычтар; жер жумуштары үчүн – скреперлер, бульдозерлер; кыртышты жана жол таптоо үчүн – жол таптагычтар, дирилдек плиталар, таптагыч машиналар; жолдун негизин түзүү жана үстүн каптоо үчүн – битум жана цемент ташыгычтар, топурак аралаштыргыч машиналар, бетон аралаштыргычтар; жолду оңдоо жана пайдалануу үчүн – автогрейдерлер, бетон талкалагычтар жана кар тазалагычтар жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1