Жонс Хопкинс Университети

Жонс Хопкинс университети (англ. Johns Hopkins University; кыскача Жонс Хопкинс, JHU, же жөн эле Хопкинс деп аталат) - Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында жайгашкан. Ал америкалык жеке изилдөө университети болуп саналат. 1876-жылы ал негизиги кайрымдуу, филантропист жана америкалык ишмер Жонс Хопкинс атынан ачылган. Анын $ 7 млн ​​жардам акчасынын жарымы Джон Хопкинс ооруканасына берилип, ошол учурдагы АКШнын тарыхындагы ири кайрымдуулук белеги катары белгилүү. 1876-жылдын 22-февралында Даниэль Коит Гилман мекеменин биринчи президенти катары кабыл алынган. Ал жогорку окууну жана изилдөөнү жалпылаштыруу менен АКШда жогорку билимди өзгөрткөн. Германиянын байыркы Хейделберг Университетинин магистратуралык окуусунун концепциясын кабыл алган. Жонс Хопкинс университети Америка Кошмо Штаттарынын биринчи изилдөө университети болуп эсептелинип калган.

Жонс Хопкинс Университети.

Жонс Хопкинс америкалык ЖОЖдордун ассоциациясынын негизи уюштуруучу болгон. Университет улуттук жогорку окуу жайлардагы бакалавр программалардын арасында 10-орунду ээлеген, ал эми U.S. News & World Report-тун 2017-жылдык рейтинги боюнча дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 11-орунда, жана ошондой эле Times Higher Education World University Rankings тизмесинде 17-орунду алганы белгилүү. [19 ] Дээрлик 140 жыл бою, отуз алты Нобель сыйлыгынын лауреаттары Жонс Хопкинс менен байланышта болгон. 1883-жылы негизделген Blue Jays men’s lacrosse командасы 44 улуттук наамдарына ээ болгон, ал эми 2014-жылы Big Ten Conference негизги мүчөсү болуп кирген.

ТарыхыОңдоо

КампустарыОңдоо

ЖетекчилигиОңдоо

ШилтемелерОңдоо