Шекер Жоомартова

Кыргызстандык актриса
Жоомартова, Шекер‎»‎ барагынан багытталды)

Шекер Жоомартова (1971) — Кыргызстандык театр жана кино артисти.

Шекер Жоомартова
Туулган датасы:

5 -май 1971(1971-05-05) (52 жаш)

Туулган жери:

Мады, Кара-Суу району Ош облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1988 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты, Сабира Гүмүшалиева атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын ардак грамотасынын ээси

IMDb:

ID 13445250

Өмүр баяны түзөтүү

Шекер Жоомартова өз айылында орто мектепти аяктагандан кийин 1988-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окуу жайына келип кирет.

 
”Кыз-жигит” фильминен

Аталган окуу жайынын студент кезинде эле, 1989-жылы Шекер Кыракадемдрамтеатрда акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” драмасы боюнча коюлган спектаклде башкы ролду – Жибектин ролун ойноп, театр чөйрөсүнүн сынына толот.
Театр окуу жайнын 1-курсун бүтүрүп, Шекер ошол эле жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайнына өтөт.
1993-жылы Москвадан М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайын аяктап келгенден тартып Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театрында ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Театрга кирген алгачкы мезгилден тартып эле Шекер чыгармачылык дареметинин жогору экенин айгинелеп, алдыңкы катарга суурулуп чыкты.
Театрда эмгектенген жыйырма жылдык жигердүү чыгармачылык жолунун ичинде Шекер ондогон ролдорду ийгиликтүү ойноп, көл кылаасынын көрүүчүлөрүнүн гана эмес, жалпы эле кыргыз театр журтчулугунун оозуна алынды.
Акыркы жылдары Шекер Жоомартова кинодо да чоң-чоң ролдорду ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө кеңири таанымал болду.
Театрда жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамоталары, “Маданияттын мыкты кызматкери” наамы менен сыйлынган.

2010-жылы Шекер Бурулчанын ролун жогорку чеберчиликте жаратканы үчүн Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыкка татыктуу болгон.

Тасмаграфиясы түзөтүү

Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2011 т Токолдор тополоңу ~ Айнагүл
2011 т Кыз-жигит ~ Айгүл
2015 т Японочка ~ Астра
2020 т Ала качуу англ. Take and run' Дайырбектин апасы

Театрда ойногон негизги ролдору түзөтүү

Бурулча (А. Абдыгулова, “Бурулча”) ж.б.
Асел (М. Байжиев, “Алтынчы күнү кечинде”)
Нуржан (Д. Сариев, “Бир ууч топурак”)
Көзү ачык кемпир (Ж. Кулмамбетов, “Ааламат келген күн”)
Зулайка (К.Акиев, К.Жантөшев, “Курманбек”)
Баян (Б. Мукаев, “Эңсеген түн”)
Курдаш айым (Э. Ионеско, “Макбет”)
Жийдегүл (З. Сооронбаева, “Байлык жана махабат”)
Асел айым (Т. Касымбеков, “Кара көлөкө”)
Дездемона (М. Байжиев, “Тил табышкандар”)
Магыш (М. Ауэзов, “Абай”)
Наргиза (О. Кожомкулова, “Туюк”)
Жийде (К. Жапаров, “Намыскөйлөр”)
Жибек (Ж. Өзүбекова, “Апамдын махабаты”)

Интернет шилтемелер түзөтүү

Кыргызстане вышла в свет новая кинокомедия «Токолдор тополону» о современном многоженстве(жеткиликсиз шилтеме)
[1] Archived 2011-10-18 at the Wayback Machine
[2] Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
[3] Archived 2016-04-05 at the Wayback Machine
[4](жеткиликсиз шилтеме)
[5] Archived 2014-07-22 at the Wayback Machine
[6] Archived 2016-03-08 at the Wayback Machine