Жумабаев, Бектемир Миталипович

Бектемир Миталипович Жумабаев (14.06.1960 - 16.01.2014) - заманбап кыргыз тарыхчыларынын бири болгон. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинин деканы (2008-2014), тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Тарых Коому эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти (2012-жылдын 11-февралынан каза болгонго чейин) болуп иштеген.

Тарыхчы Бектемир Жумабаев. 22.10.2010. Бишкек шаары, Кыргызстан.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Бектемир Жумабаев 1960-жылы 14-июнда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай өрөөнүндөгү Дароот Коргон айылында туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинде таалим алган.
Анын студент кезиндеги нускоочуларынын бири - археолог Ысман Кожомбердиев (1928-1988) болгон.

1996-2001-жж. Кыргызстан Жогорку Кеңешинде депутаттын жардамчысы болуп иштеген.

2001-2008-жж. Э.Арабаев атындагы Кыргыз педуниверситетинде Чыгыш тилдери жана маданияты институтунун директору болуп иштеген.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинин деканы (2008-жылдан).

Кыргыз Тарых Коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

 
Бектемир Миталипович Жумабаев. 26.03.2011. Бишкек шаары, Кыргызстан.

2012-жылдын 11-февралынан тартып Кыргыз Тарых Коомунун вице-президенти (бул уюмдун президенти - Тынчтыкбек Чоротегин, башка вице-президенттери - Кубат Табалдиев жана Арслан Капай уулу Койчиев.

2014-жылдын 16-январында Бишкек шаарында улуттук госпиталда оорудан каза болду. Диагнозу микро-инсульт менен байланыштуу болду.
Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылындагы көрүстөндө түбөлүк жайга берилди.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү болчу.

Жары - Эркингүл (ал айтылуу генерал Ысакбек Монуй уулунун жакындарынан).

Кыздары - Асел, Айдай, уулу - Жебэ.

Жубайы Эркингүл Шананова эскерет:

"Мен Бектемир менен 1985-жылдын жаңы жылында таанышканмын. Экөөбүз 1986-жылдын март айында баш коштук. Анда Бектемир Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы социология бөлүмүндө жөнөкөй кызматкер болуп иштечү. 1988-жылы өзү окуп бүткөн Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине кирип, окутуучу болуп иштеп калды. Бектемир үй-бүлөдө ата катары да, жубай катары да, аябай жакшы инсан эле. 1987-жылдын 7-февралында тун кызыбыз Асел, 1988-жылдын 19-июлунда экинчи кызыбыз Айдай төрөлдү. Кыздарын өтө жакшы көрчү. Бектемир экөөбүз 2006-жылы 16-мартта уулдуу болдук. Атын Жэбе койгон".

Илимий чыгармачылыгы түзөтүү

Бектемир Жумабаевдин калеминен 100дөн ашуун илимий жана жамаагаттык макалалар, бир канча китептер жарык көргөн.

1994-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты, андан соң доцент наамын алды.

КР Билим берүү министрлигинен “эл агартуунун отличниги” наамын дагы алган.

2010-жылы доктордук диссертациясын жактап, 2014-жылы профессор болгон.

Б. М. Жумабаев илимий жетекчилик кылган окумуштуулар: түзөтүү

Ахметова Ш. К., Жаныкулов Е. Ж., Майманов Г. К., Маматкаимов А. А., Махмутбекова М., ж.б.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргызстандын Билим берүүсүнүн мыктысы (отличниги).

Эстутум түзөтүү

Өзү туулуп-өскөн айылда Бектемирдин ысымын алган чөлкөм таануу ажайыпканасын (музей) куруу демилгеси көтөрүлдү.

2014-жылдын 24-декабрында аны эскерүү жыйыны Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде уюштурулду.

Маркумдун жылдыгы 2015-жылы 16-январда Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

Жарыкка чыккан китептеринен түзөтүү

  • Жумабаев Б. М. Русские экспедиции на Памир и Алай во второй половине XIX – начале XX вв. - LAP Lambert Academic Publishing, 2012. - ISBN-10: 3659249408; ISBN-13: 978-3659249402. – 188 с.
  • Жумабаев Б. М. Южный Кыргызстан глазами российских путешественников (вторая половина XIX - нач. XX вв.) / Отв. ред. член-корр НАН КР, проф. К. У. Усенбаев; ред. В. Я. Галицкий. – Бишкек: Гос. дирекция «Ош-3000» при Правительстве КР, 1999. – 133 с. – (Посвящается 3000-летию города Ош). - ISBN 9967-20-078-2.
  • Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу ред. Э. Ж. Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. – 192 бет. – ISBN 978-9967-02-583-7.
  • Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009. – 186 бет.
  • Чоң Алайдан чоң ааламга: Тарых, фольклор, адабият, маданият боюнча илимий-популярдуу жыйнак / Түзүүчүлөр жана авторлор Бектемир Жумабаев, Памирбек Казыбаев, Акматбек Маматкаимов. – Бишкек: Маданият, 2012. – 240 б. - ISBN 978-9967-26-864-7.

Илимий жана илимий-популярдуу макалаларынан: түзөтүү

  • Жумабаев Б. М. Чоң Алайдын кыскача тарыхы // Чоң Алайдан чоң ааламга: Тарых, фольклор, адабият, маданият боюнча илимий-популярдуу жыйнак / Түзүүчүлөр жана авторлор Бектемир Жумабаев, Памирбек Казыбаев, Акматбек Маматкаимов. – Бишкек: Маданият, 2012. – 240 б. - ISBN 978-9967-26-864-7. – Б. 15-30.
  • Жумабаев Б. Батыштан Азиянын жүрөгүнө чейин // Кыргыздар / Түзгөн Кеңеш Жусупов. – Бишкек, 2003. – Т. 5. – 289-298-беттер.
  • Жумабаев Б. М. Батыштан Азиянын жүрөгүнө чейин: (Свен Гедин жана кыргыздар) // Чоң Алайдан чоң ааламга: Тарых, фольклор, адабият, маданият боюнча илимий-популярдуу жыйнак / Түзүүчүлөр жана авторлор Бектемир Жумабаев, Памирбек Казыбаев, Акматбек Маматкаимов. – Бишкек: Маданият, 2012. – 240 б. - ISBN 978-9967-26-864-7. – Б. 31-39.
  • Жумабаев Б. М. Орус саякатчылары кыргыз этнографиясы жөнүндө // Чоң Алайдан чоң ааламга: Тарых, фольклор, адабият, маданият боюнча илимий-популярдуу жыйнак / Түзүүчүлөр жана авторлор Бектемир Жумабаев, Памирбек Казыбаев, Акматбек Маматкаимов. – Бишкек: Маданият, 2012. – 240 б. - ISBN 978-9967-26-864-7. – Б. 40- 49.
  • Жумабаев Б. М. Абдылдабек жана анын мезгили // Ала – Тоо. - 1990. - № 10.
  • Жумабаев Б. М. Элдик ооз эки чыгармалар Чыгыш Түркстан аймагында жашаган кыргыздардын тарыхы боюнча тарыхый булак // Источники: история и перспективы изучения. - Бишкек, 2003. - 53–59-бб.
  • Жумабаев Б. М. Традиционная скотоводства кыргызов Памиро - Алая ( втор. пол. XIX в.) // Власть и общество. – Абакан, 2003. - С. 263 – 266.
  • Жумабаев Б. М. Историческая география Кыргызстана в истории Российской науки // Актуальные проблемы истории Саяно–Алтая и сопредельных территорий. – Абакан, 2004. - С. 180 - 184.
  • Жумабаев Б.М. - Кыргыз-кытай достук дипломатиялык мамилелеринин башаты (IX к.) // Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын материалдары: (2012-жылдын 15-16-ноябры). 1-бөлүм. / Редколлегия: С. А. Раев (төрага), Б.М.Жумабаев, Т.К.Чоротегин, А.Р.Бикбулатова (катчы), ж.б. – Бишкек: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, 2012. – ISBN 9967-21533X. - Б. 33-35.
  • Жумабаев Б.М., Дехконов Н. Полуоседлое населения Таджикистана и Кыргызстана в побережной части реки Сырдарьи // Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын материалдары: (2012-жылдын 15-16-ноябры). 2-бөлүм. / Редколлегия: С. А. Раев (төрага), Б.М.Жумабаев, Т.К.Чоротегин, А.Р.Бикбулатова (катчы), ж.б. – Бишкек: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, 2013. – ISBN 9967-21533X. - С. 206-210.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Текке кетпес өмүр бар: Тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаевдин (1960-2014) жаркын элесине: Макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Эркебаев, ж.б. – Бишкек: Maxprint басмасы, 2014. – 188 + viii б, сүрөт. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү). - ISBN 978-9967-12-455-4.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү