Асанкулов Жумабек (20. 2. 1927-ж. туулган, Чүй облусу, Москва району, Кепер-Арык айылы) - генерал-лейтенант (1991). СССР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин Ташкен чөлкөм аралык мектебин (1948), Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебин (1955) бүткөн. 1944-46-ж. Петров районунун Буденовка колхозунда жумушчу, 194852-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1955-61-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орунбасары, 1961-66-ж. ушул эле комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1966-67-ж. Кыргызстан КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысы. 1967-78-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы. 1978-89-ж. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин институтунда атайын курстун начальниги. 1989-91-ж. КРнын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин эл депутаты (1963-66; 1967-70; 1971-75), СССР эл депутаты (1989). Эки Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1