Курманбек Жумагазиев

Жумагазиев, Курманбек‎»‎ барагынан багытталды)


Жазуучу Курманбек Жумагазиев Кочкор районунун Шамшы айылында 1941-жылы 6-сентябрда туулган. Кемин районундагы Жаңы-Алыш орто мектебин аяктаган соң,

Жумагазиев Курманбек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жумагазиев Курманбек
Туулган жылы: 1941-жылы 6-сентябрь
Туулган жери: Шамшы айылы, Кочкор району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу
Учурдагы кызматы: Тактап койсоңуз болот

1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

1963–1972-жж. Кочкор райондук «Эмгек Туусу» гезитинде корректор, адабий кызматкер, жооптуу катчы,

редактордун орун басары болуп иштеген. 1972–1974-жж. Алматыдагы жогорку партиялык мектепте билим алып,

1974–1978-жж. партиянын Кочкор райондук комитетинде, партиянын Нарын облустук комитетинде инструктор,

1978–1988-жж. Кочкор райондук «Эмгек Туусу» гезитинин редактору,

1988–1991-жж. Ысык-Көл облустук кеңешинин уюштуруу бөлүмүндө инструктор,

1991-жылдан Кочкор райондук калкты иш менен камсыз кылуу борборунда башкы адис,

1992–1997-жж. иш менен камсыз кылуу борборунун директору,

1997–2000-жж. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында басма сөз катчысы,

2000-жылдан бери Кочкор райондук «Эмгек Туусу» гезитинде редактор, бир эле мезгилде «Азаттык» радиосунун жана «Республика», «Аалам» гезиттеринин кабарчысы да болуп иштеп келген.

Макала, аңгемелери, мектепте окуп жүргөндө «Кыргызстан пионери» гезитине,

студент кезинде «Ленинчил Жаш» гезитине, «Жаш Ленинчи» журналына жарыяланган.

Партиялык мектепте окуп жүргөндө Казак Республикасынын «Жалын» аттуу жаштар журналына «Таңкы Тобокел»,

«Социалисттик Казакстан» гезитине «Күүнүн сыры»,

Казакстан облустук «Жети Суу» гезитине «Ак боз аттуу аксакал» аттуу аңгемелери жарык көргөн.

Аңгеме, повесть, очерктери республикалык «Ала Тоо» журналына,

альманахтарга «Кыргызстан Маданияты» жумалыгына жана «Нарын правдасы» гезиттерине чыгып турган. Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1983–1987-жж. «Мектеп» басмасынан жарык көргөн 3-класстар үчүн «Родная речь» аттуу окуу китебинин 10–11-басылышына «Баатыр чабан» деген аңгемеси жарыяланган.

2001-жылы 9-мартта «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

1997-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Тартылып бүткөн картина: Аңгемелер, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 64 б.
  • Мурас: Баян, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 108 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү