Майрамкан Жуманова

Жуманова, Майрамкан‎»‎ барагынан багытталды)


Акын Майрамкан Жуманова Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 1958-жылдын 8-октябрында туулган.

Жуманова Майрамкан
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жуманова Майрамкан
Туулган жылы: 1958-жылы 8-октябрь
Туулган жери: Төлөйкөн айылы, Кара Суу району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: окутуучу
Учурдагы кызматы: Мугалим

Көп жылдардан бери Ош мамлекеттик университетинде физика факультетинин окутуучусу болуп иштеп келет.

1991-жылы К.Атабеков, Д.Бабаев менен авторлош «Физика боюнча текшерүү иштери: механика,

молекулалык физика, термодинамика» аттуу окуу куралын чыгарган.

2001-жылы «Окутуунун жаңы технологиялары: сынчыл ойлоо программасын жогорку билим берүү тармагында жайылтуу тажрыйбасынан»

аттуу илимий-методикалык жыйнактын түзүүчүсү болгон. 20дан ашуун илимий-методикалык макалалардын автору.

Алгачкы «Тилек» аттуу ыры «Кыргызстан маданияты» гезитинде 1985-жылы жарык көрүп,

ошондон тартып ырлары мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланып келет. Бир катар ырларына обон чыгарылган.

2007-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгисине татыган.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Маанай ырлары: Ырлар, поэма. Ош облустук басмаканасы, 1997. – 88 б.
  • Физика боюнча маселелер жана аларды чыгаруу: молекулалык физика жана термодинамика: Окуу китеби. – Ош: ОшМУ, 1999. – 85 б.
  • Өчпөс ысымдар: Физиканын тарыхы / Справочник. – Ош: ОшМУ, 2007. – 88 б. (авторлош).
  • Физиканы окутуунун практикалык методикасы. – Ош: ОшМУ, 2007. – 92 б.

Колдонулган адабияты түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6