Сайнабүбү Жунушалиева

Жунушалиева Сайнабүбү‎»‎ барагынан багытталды)

Сайнабүбү Жунушалиева - 1936-жылдын 6-июнунда Чүй облусунун Кемин районундагы Жол-Булак айылында (мурдагы Советское айылы) төрөлгөн.

Сайнабүбү Жунушалиева
Туулган жылы:

6 -июнь 1936(1936-06-06)

Туулган жери:

Кемин району Жон-булак айылы , Кыргыз ССРи

Каза болгон жылы:

7 -март 2016(2016-03-07) (79 жаш)

Каза болгон жери:

Бишкек

Жарандыгы:

СССР желеги СССР  Кыргызстан

Ролдору:

Маржаке, Шайыргүл, Алтынай

Спектаклдери:

“Тар капчыгай”, “Абийир кечирбейт” , “Биринчи мугалим”

Сыйлыктары:

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл артисти

Биография түзөтүү

1956-58-жылдары Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы көркөм-театралдык институтта окуган. Окуу жайды бүтүргөн соң 1958-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрдын труппасына кабыл алынып, анда 55 жыл, тагыраак айтканда, 2013-жылга чейин эмгектенген.

Бир эле мезгилде, С.Жунушалиева 1958-59-жылдары Кыргыз телеберүүсүндө биринчи диктор болуп иштеген. Ал театрдагы ишмердүүлүгүндө бир катар чыгармаларда башкы каармандын ролун ойногон. Эмгек сиңирген артист “Тар капчыгайда” Маржакенин, “Абийир кечирбейтте” Шайыргүлдүн, “Биринчи мугалимде” Алтынайдын, “Олжобай менен Кишимжанда” Гүлмейиздин образдары менен эсте калган.2016 жылдын 7 мартында кыргыз эл артисти дүйнө салды[1]

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү