Жунушов Касымбек (1936-жылы туулган, Нарын облусу Кочкор району Чолпон кыштагы) - малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1970). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлаган лауреаты (1976). Нарын облусунун Кочкор районундагы «Чолпон» совхозунун баш чабаны болуп иштеп, 1971-72-жылдары 500 соолуктун ар жүзүнөн 157-159дан козу, ар биринен 3,7-4,9 кгдан жүн кыркып алган. 1975-80-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү