Жусубакун (болжол менен 1870-1920, Керметоо (КЭР)) ― манасчы.
1916 жылкы үркүндө Какшаалга качып барган Сагымбай манасчы менен айтышканы тууралуу гана дарек бар. Элдин айтымына караганда жомокчу Ж. «Манас» айтып жатып, Манас менен Коңурбайдын сайышканына келгенде олтурган боюнча тулгадан секирип кетчү экен. Анын айтымы кагаз бетине түшүрүлбөй калган.