Жусуп Баласагын — 1016ж, Караханиддер мамлекетинин борборунда Баласагун шаарында атактуу жана бай үй-бүлөдө туулган.Турмушу тууралуу башка маалыматтар аз сакталган. Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Жусуп Баласагын араб, фарс жана башка тилдерде окуган, жазгандарга үлгү кылып өз китебин жазып баштаган жана дүйнөлүк адабият, маданиятка "Кутадгу билим" (Кут алчу билим, же Куттуу билим) аркылуу таанылган. Жусуп Баласагын бул поэманы хиджра боюнча 462 жылы, (1070-жылы) жазып бүтүргөн. Дастан «Хандардын ханы» Карахан мамлекеттин негиздѳѳчүсү (942 - 1210) Сулайман Арслан-ханга (908 - 955) тартууланган. Ошол себептен Жусуп Баласагынга "чыныгы хажиб" - же "чыныгы адис" деген наам берилип, "башкы кеӊешчи" кызматына дайындалган. Дастандын бизге жеткен үч нускасы бар. Биринчиси Герат шаарында, 1439-жылы байыркы уйгур жазуучусу менен такталган (азыр Клостернойбург ройал китепканасында сакталуу), экинчи Катарда, 14-кылымдын 1-жарымында (Египет Keдиван китепканасында) көчүрүлгөн. Ал эми үчүнчү нуска 12-кылымда Наманган шаарында араб жазуучусу менен кагазга түшүрүлгѳн. Бул кол жазма Ташкентте Чыгыш таануу институтунда сакталып турат.

Жусуп Баласагын
Jusup Balasagyn.jpg
Туулган жери:

Баласагын шаары

Букаралык:

Караханийлер мамлекети

Ишмердүүлүгү:

акын, ойчул

Жусуп Баласагын улуттук валютанын 1000 сомдук номиналында.

Интернеттеги шилтемелерОңдоо

Колдонулган адабиятОңдоо

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.

Дагы караңызОңдоо