Жууку өрөөнү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан. Жууку суусунун алабын ээлейт. Жети-Өгүз районунун аймагында. Узундугу. 49 км, туурасы 0,3-4,0 км. Деңиз деңгээлинен 1800-4300 м бийиктиги Төрү байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен калыптанган тепши сымал өрөөн. Жууку суусунун бир курамы Дүңгүрөмөнүн капчыгайы. Узун мөмөлүү жуттүн чыгыштан батышты карай Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүчүнө жарыш 25 кмге созулат. Дүңгүрөмө менен Ашуу-Суу кошулгандан кийин Жууку өрөөнү түндүккө багытталып, терең капчыгайдын бүткөн жеринде кызыл түстүү неоген тектерин аралап, Ысык-Көл ойдуңуна чыгат. Башталышы менен орточени кокту-колоттуу келип, бийик зоолор менен курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 800-1200 м. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49,2 км2. Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орточо температурасы - 11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700-800 мм. Негизги суусу Жууку (куймалары: Ит-Тиш, Ашуу-Кашка-Суу, Жуукучак жана башка). Байыркы муз каптоодон пайда болгон 11 көл бар. Эң ириси Жууку ашуусунун этегиндеги Чоконун көлү (аянты 0,72 км2). Тоо этегиндеги жана көл кылаасындагы кургак талаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаага, андан бийигирээк карагай тилкесине субальп жана алып шалбаасына, субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафттарга өтөт. Карагай токою (2100-2200 мден 2800-2900 мге чейин) тескейинде жана капчыгайдын таманы менен оң капталында жыш өсөт. Сол капталы жапалак арча жана ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү менен капталган. Шаркыратмалуу, калың карагайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык мааниси чоң. Өрөөн мамлекеттик заказник. Жууку өрөөнү. аркылуу байыркы мезгилде кербендер жүрүүчү, кийин Ысык-Көл өрөөнүн сырттагы жайлоолор менен байланыштырган мал айдалуучу жол өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү