Жуурат — койдун нак сүтүнөн уютулуп жасалган байыркы ак азыктардын бири. Аны эчкинин жана топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Жууратты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жылуулап жаап коёт. Жуураттан жасалган сүзмөнү, курутту кышка сакташкан. Айрым жерде жууратты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарыктырып, курут жасашкан. Элдик медицинада жуурат эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында «Айран алымдуу оокат, жуурат жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү