Жыбыт - тоолордун, адырлардын капталдарындагы майда ой-чуңкурлуу, кокту-колоттуу жерлер. Көбүнчө шиленди тектер менен капталат. Морфологиялык түзүлүшү боюнча тарам-тарам майда колотчолор же аянты 0,1-0,3 га болгон майда дөбө жана тайпак аңдар. Үстү кыртыштуу. Бийик тоо кыртышындагы түбөлүк тоңдон же чакан жер көчкүлөрдөн пайда болушу мүмкүн. Көбүнчө неогендпк чополордон түзүлгөн чоң коктулардын баш жагында, капталында жана адырларда пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү