Жээк кызыл оту - дан уруктуулар тукумуна кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 100-130 см, жалбырактары ичке, 30-45 см узундукта келип, сабагынын түп жагына жайгашкан. Жалбырактары сыртынан көп анча эмес түкчөлөр менен капталган. Тамыры сойлобойт, көпшөк. Жапайы түрү Кыргызстан аймагында кездешпейт. Негизги таралган аймагы Кавказ, КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын шалбаалуу талааларынын дөңсөөлөрү. Республикада чөп аралашмасына кошу жана жайыт үчүн колдонуу максатында селекциялык жол менен «Жылдыз» деген сорту чыгарылып, 1989-жылы республиканын тоолуу аймактарына жайыт чөбү катары пайдалануу үчүн эгилген (автору Ш. Т. Токтогожоев). Тоолуу жайыттын сугат жеринде 4 жолу, кайрак жерде 2 жолу мал жайса болот. Жашыл чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектарынан 300-350 цди түзүп, 20-25% протеин кармайт. Мал жайылгандан кийин 20-25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу аймакта эспарцет чөбү менен аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 22,5 ц түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айынын ортосуна туура келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү