Жюль Габриэль Верн - (8.2.1828, Франция, Нант 24.3.1905, Амьен) француз жазуучусу, коомдук ишмер, илимий-фантастикалык роман жанрын баштоочулардын бири. Адабий чыгармачылыгын 1849-ж. пьеса жазуудан баштаган. Анын «Аба шарында өткөн беш жума» аттуу туңгуч романы 1863-ж. жарык көргөн. Ал 65тен ашык илимий фантастикалык, социалдык-сатиралык роман, повесть-аңгемелерди, географиялык изилдөөлөрдүн тарыхы боюнча эмгектерди жазган. Жазуучунун «Суу асты менен 20 000 км» (1869-70), «Капитан Гранттын балдары» (1867-68), «Сырдуу арал» (1875) ж. б. чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Айдын аркы бетиндеги кратер анын ысмынан аталат.

Jules Verne 1856
«Дүйнөнүн акырындагы маяк» Верндин адабий сахнасындагы эң мыкты романдардын бири болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү