Жүн класстоо - жүндү технологиялык өзгөчөлүктөрү, белгилери жана касиеттери боюнча топко, класска жана сортко бөлүү. Жүн эмнеден алынганына жараша төмөнкү класстык топтор белгиленген: кой жүнү, эчки жүнү, төө жүнү, заводдук жүн (көбүнчө булгаары сырьёсу үчүн кайра иштетилген уйжанажылкы терисинен алынат), эски жүн (көөнөргөн жүн буюмдарынан алынат), химиялык була (жасалма же синтездик жүн), коён тыбыты. Кой жүнү андагы жүн булалары боюнча бир тектүү жана аралаш жүн болуп бөлүнөт. Бир тектүү жүн ичкелиги, тармалдыгы, узундугу жана башка сырткы белгилери боюнча бирдей булалардан турат, аралаш жүн ичкелиги, тармалдыгы, узундугу жана башка белгилери боюнча кескин айырмаланган булалардан туруп, жогорку, 1-, 2-, 3-класстарга бөлүнөт. Бир тектүү жүн уяңжаначала уяң, аралаш жүн чала кылчык жана кылчык жүн болуп айырмаланат. Уяң жүн тыбыттуу булалардан турат. Буласынын орточо жоондугу 25 мкдон ашык эмес,башкача айтканда 60-сапаттан жоон эмес болот. Чала уяң жүндүн эң ичкесинин орточо жоондугу 25,1-27 мк же 58-сапатта, эң жоонунуку 29,1-31 мк же 56/50-сапатта болот. Чала кылчык жүнгө тыбыттуу жана өтмө булалардан башка кыйла ичке кылчык да кирет. Бул топко бир тектүү жүндүн 50-сапаттан жоон (31,134 мк) болгон айрым түрү да тиешелүү. Кылчык жүн тыбыттуу, кылчыктуу жана өтмө булалар аралашмасынан турат. Кылчык жүндүн орточо жоондугу 23-60 мк болот. Жүн ылгоо өнөр жайында жүн атайын өнөр жайлык класстоодон өткөрүлүп, тийиштүү белги жана касиеттерине жараша ийрилүү жана башка технологиялык сапаттары аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү