Каржообай уулу Жөжө

Жөжө Каржообай уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Жөжө Каржообай уулу (Чөжө Каржообай уулу; казакча Шөже Қаржаубайұлы), (1808–1895) – казак жана кыргыз акыны. Курч тилдүү, өткүр ырчы. Казак калкы ага “булбул” деген ардактуу наамды ыйгарган. Чыгармачылык багыты боюнча айтыш акыны. Он жети акын менен айтышып жеңген.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Жөжө акын казактарга 1780-жылы Абылай хандын жортуулу маалында туткундалып кеткен кыргыздын саруу уруусунан Каржообай (казакча Қаржаубай) деген кишинин уулу болгон.

1808-жылы казак жергесинде туулган. Жаштайынан жетим калган.

Бул тууралу Жөжөнүн ырында ачык маалымат орун алган. Кемпирбай акын Чөжө менен айтышканда ал да башка өнөрлөштөрү тарабынан кеңири ыкманы колдонуп, каршысын “сокурсуң”, “көрсүң”, “турагың жок тентиреп жүргөн тексизсиң” – деп кордоого өтөт. Мында курч, өткүр акын:

“Кезиме он жети акын түк кылган жок, сен кылармын дейсиңби, как басыңды ай” – деп жооп кайтарат. Омбуда казак акындары чогулган чоң жыйында бардыгын жеңип, булбул деген атак алат. Чөжөнүн ысмы кыргыздарга да кайдыгер эмес. Айтыш өнөрүндө алдына киши салбаган устаттыгы, жан адамдан жалтанбаган өткүрлүгү, курчтугу, тубаса таланттуулугу, жамгырдай нөшөрлөгөн төкмөлүгү, калыпка салгандай сөз чеберчилиги муундан-муунга аңыз сөз болуп айтылып келе жатат. Чөжөнүн насили – кыргыз. Ата-энеси илгерки Аблайкандын чабуулунда кул, күң катарында туткундалып кетиптир деген сөз бар. Чөжө 1808-ж. азыркы Көкчө-Тоо, Кызылтуу аймагында төрөлүп, ушул чөлкөмдө каза болот. Кийинки жылдардагы иликтөөнүн негизинде Чөжөнүн түпкү теги таластык саруу уруусунан экендиги аныкталган. Акындын өзү да Жети-Суу аймагын аралап жүргөн мезгилинде Байтик манаптын айылына келип, 1878-ж. таластык Жаныш акын менен айтышканда:

Мен – саруу,
Жаныс – кушчу, чала буудан,
Байтик эр экөөбүзгө ара тууган.
Арбакка салармын арстан Байтик.
Кем көрсөң Чөжө агаңды Жаныш куудан – деп өз уруусу жөнүндө ачык маалымат берет.

Ушул келишинде Жанышты ээрчитип, Талас жергесин, саруу уруусун аралап, өмүр бою эңсеген көңүл өксүгүн толтурат.

Маалымдоочулар экөөнүн айтышын Жаныштын өз оозунан уккан. Аны баласы Кишенбай да аткарып жүрөт.

Чөжө өзүнүн азиздигине, ата-энеси кул, күң аталып, коомдун материалдык, моралдык жагынан коргоого алынбаган катмарынан чыккандыгына жана да бөлөк элди элдеп, бөтөн жерди жердеп, өз туурунан ажырагандыгына карабастан, табият тартуулаган зор таланттын күчү менен төкмөчүлүктүн сересине чыгып, казак журтчулугунун сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, булбул аталган акын.

Чөжө казак жергесинде аброй алып, ырлары калктын көңүл төрүнөн орун алган болсо да, байыртадан ата-бабасы турак кылган кыргыз жергесине сагынычы артып, бир аралап көрүп кетүүнү көксөйт. Бул айрыкча картайып калганда күчөйт. Бул оюн Байтикке ырдаганда:

Конуш анда болсо да, көңүлүм мында,

Сыртынан тилек тилеп жүрөмүн – деп ортого салат.

Чөжөнүн Жети-Суу аймагындагы казак, кыргыздарга бир канча жолу келип эл аралагандагы, Байтиктин айылында 2-3 курдай болуп, ырдап акыркы келишинде Таластагы сарууларга чейин барып келгендиги жөнүндө кабарчылар маалымат бергендигине карабастан, кыргыз жергесиндеги Жаныш акын айтышы, Байтик манапты мактап, кордоп ырдагандары сыяктуу азыноолак гана чыгармалары бизге келип жетти.

Буга себеп, анын Байтикти мактап жүргөнүнөн болуу керек, 60-жылдары гана көңүл бурулуп, айрым чыгармалары кийин кагаз бетине түшүрүлгөн. Кабарчылардын маалыматына караганда, “Оторкан” сыяктуу эски эпикалык чоң жомокту жана “Кыз Жибекти” аткарып жүрчү экен.

Жөжө акын 1895-жылы Казакстанда өлгөн.

Акындык өнөрү түзөтүү

Жөжөнүн чыгармачылык өмүрү казак жергесинде, казак эл оозеки чыгармачылыгынын, салттуу ырчылык поэзиясынын нугунда калыптанып өнүккөн. Акын тарабынан түзүлгөн айтыштарынын мазмуну, ыр өлчөмү, көркөм ыкма каражаттары, тили, стили анын чыгармачылык өнөрканасынын өзгөчөлүгү, айтылыш орду жөнүндө ачык маалымат берип турат.

Акындын чыгармачылыгын казак илимпоздору эчак иликтөө объектисине киргизип, казак тарыхында Жөжө өз үнүнүн реалдуу баасын алган. Анын Байтик жөнүндө ырдагандарын да жарыялашкан. Кыргыздардын арасында түзгөн ырларын иликтөө иши каралган.

Колдонулган адабият түзөтүү