Залзала сүрөсү (1) жер титирөөОңдоо
- Мединада түшүрүлгөн. 8 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Жер катуу титирегенде
- 2. жана өзүнүн "жүктөрүн" чыгарып таштаганда .. (2)
- 3. Инсан (коркуп жана таң калып) "буга эмне болду?!" дейт.
- 4. Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.
- 5. Анткени, ага Раббиң ("сүйлө!"деп) вахий кылган (3)
- 6. Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.
- 7. Жана ким кыпын салмагындай (4) жакшылык кылган болсо - аны көрөт
- 8. жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо - ошону көрөт.