Замирбек Баялиев - “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты. Баялиев Замирбек (Жайлообек уулу) 1980-жылдын 21-апрелинде Талас облусунун Талас районуна караштуу “Манас” айылында туулган.

Манасчылыкка салттык көрүнүштөгү түш көрүп, аян алуусу себеп болгон. Он беш жашында түшүнө Баатырлар кирип, андан кийин ээлигип, эч ким жок ээн талаага чыгып алып, жашынып “Манас” айтып жүргөн. Тартынчаак, уялчаак мүнөзүнөн улам эл алдына чыкпай, буулугуп көпкө жүрүп калган. Ошондон улам сыркоолоп, ооруп калган. Дарыгерлерге көп эле көрүнгөнүнө карабай, эч кимиси дартын аныктап бере алган эмес. Ошондой күндөрдүн биринде түшүнө кырк чоро кайрадан кирип, “Манас” айт!” деп, кысмакка алган. Анан гана өзүндө болгон өзгөрүүлөрдү үйүндөгүлөргө айтып берген. Ата-энеси күмбөзгө алпарып, кой союп, түлөө өткөрүп, ошол жерден “Манас” айттырып, элдин батасын алып берген. Ошондон тартып, эл алдына чыгып, “Манас” айта баштаган. 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин бүтүргөн.

2000-жылы:   Эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондусунун “Манас” мектебинин “мыкты устат” ардак диплому. 

2004-жылкы “Ала-Тоо жазы-2004” Республикалык студенттер фестивалынын лауреаты.

2005-жылы өткөн Республикалык “Эл ичи - өнөр кенчи” 1-салттуу кароо-сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү. Саякбай Каралаев атындагы алтын медалдын ээси.

2006-жылы:  Кылым карыткан кыргыз дөөлөттөрү фестивалынын лауреаты

2010-жылы:  25-28-октябрь Түркиянын Кипр шаарында өткөн “Коркут ата жана келечекке Түрк дастандары ” фестивалынын лауреаты

2011-жылы:   24-28-июнь Түркиянын Карс шаарында өткөн “Акындар майрамы” фестивалынын лауреаты

2011-жылы:    Кыргыз Улуттук “Манас ордо” комплекси, коомдук “Манас” академиясынын “Айкөл Манас” төш белгисинин ээси

2011-жылы:    Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министирлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси

2011-жылы: Азыркы салттуу манасчылардын “Манас” айтуусунда DVD, CD (аудио видео) 25 сааттан турган  дисктерин чыгарууга  салым кошкон.

2012-жылы: Азыркы салттуу манасчылардын   айтуусунда “Манас” эпосунун “Семетей”бөлүмүн  DVD, CD (аудио видео) 25 сааттан турган  дисктерин чыгарууга салым  кошкон.

2013-жылы: Азыркы салттуу манасчылардын   айтуусунда “Манас” эпосунун “Сейтек”бөлүмүн   DVD, CD (аудио видео) 25 сааттан турган  дисктерин чыгарууга салым кошкон.

2013-жылы: Кыргыз республикасынын президентине  караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

2012-2014-жылы:   “Манас жаӊырыгы” теле каналында “Бабалардан калган сөз” теле берүүсүндө бир сааттан Манас айтып келет.

2013-жылы: Азербайжан өлкөсүнүн борбору Баку шаарында “ЮНЕСКО”нун жыйынында “Манас” айтып келди.

2014-жылы: өз вариантында Манас эпосунан DVD, CD  дисктерине кыргыз патенттин каржылоосунда тартылып алынган.      

2015-жылы:  Республика Саха (Якутия) өлкөсүндө “дүйнө эпостору олонхо жергесинде’ аттуу эл аралык  эпос айтуучулардын сынагында 1-орун. Бриллиант чөгөрүлгөн алтын медалдын , алтын сааттын ээси.

Эмгек жолу:  2000-2006-жж, Эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондусунда “Манас” мектебинин окутуучусу, негизги устаты.

2004-2005-жж. “УТРК”нын Маданий агартуу бөлүмүндө “Манас-рух дөөлөтү” автордук телекөрсөтүүсүнүн редактору.

2009-жыл      “ЭлТР” КТРКсында “Манасчы” автордук теледолбоорунун редактору. “Маданият” бөлүмүнүн продюссери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү