Запашныйлар - орус цирк артисттеринин үй-бүлөсү. Михаил Сергеевич Запашный (24.6.1900, Ейск -9.9.1982, Ленинград), аялы Лидия Карловна Запашная (1.1.1905-8.8.1960, Москва), балдары Сергей Михайлович Запашный (13.2.1926, Ленинград -21.10.1980, Владивосток), Вальтер Михайлович Запашный (2.4.1928, Эдгард жана Аскольд Запашныйлар үйрөтүлгөн жолборсу менен. Ленинград -27.8.2007, Москва), РСФСР эл артисти, (1988), Анна Михайловна Запашная (8.8.1931-ж. туулган, Ленинград), Мстислав (Мечислав) Михайлович Запашный (16.5.1938ж. туулган, Ленинград), СССР эл артисти (1990); Сергей Михайлович Запашныйдын балдары Валерий Сергеевич Запашный (10.1.1951-ж. т.), Нонна Сергеевна Запашная (1.1.1947-ж. т.); Вальтер Михайлович Запашныйдын аялы Татьяна Васильевна Запашная (2.9.1956, Калинин), балдары Эдгард Запашный (11.7.1976-ж. туулган, Ялта) РФтин эмгек сиңирген артисти (1999), Аскольд Запашный (27.9.1977-ж. туулган, Харьков) РФтин эмгек сиңирген артисти, (1999), «Ат үстүндөгү жонглёрлор» (1990), «Маймыл үйрөтүүчүлөр» (1993), «Жырткычтар арасында» (жолборс, арстан, илбирс, сүлөөсүн; 1997) номерлери менен чыгышкан. Мстислав Михайлович Запашныйдын 1-аялы Долорес Павловна Запашная (24.3.1941ж. туулган, Благовещенск) 1990-ж. чейин М. М. Запашныйдын аялы жана өнөгү. 1990-жылдан өзүнчө «Иллюзиялык миниатюралар» номери менен чыккан. Балдары Элен (1.5.1963-ж. т.), РФтин эмгек сиңирген артисти (1994); Мстислав кичүүсү (15.6.1967-ж. т.), РФтин эл артисти (2003), 1992-ж. «Пил жана жолборстор» аттракционунда атасынын ордуна чыккан, 2001-ж. «21-кылымдын салтанаты» аттракционун койгон. Запашныйлардын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү дрессировщик, жонглёр жана ат оюнчулары. Бала кездеринен эле циркте акробатика жана гимнастика жанрында иштешкен. Ат, жолборс, илбирс, сүлөөсүн, арстан, пилдерди үйрөтүшкөн. Запашныйлардын белгилүү номери «Акробат-вольтижёрлор бир тууган Запашныйлар». Аткаруучулары Москвада өткөн Жаштардын жана студенттердин бүткүл союздук 6-фестивалынын лауреаттары (1957). Анна Михайловна жана Мстислав Михайлович З. 1959-жылдан «Аба гимнасттары» номеринде үйрөтүлгөн аттардын үстүндө абада гимнастика көнүгүүлөрүн көрсөтүшкөн. Запашныйлар «Акробат-вольтижёрлор ат үстүндө» номери менен (Анна, Валерий, Мстислав, Нонна, Сергей Запашныйлар) ат циркине салым кошкон. 1976-жылдан Мстислав Запашный пил үйрөтүүчү катары чыккан. Вальтер Михайлович Запашный акробат, гимнаст жана штангист. 1958-жылдан айбандарды үйрөтүүчү, Цирк өнөрүнүн жаңы чыгармаларынын Бүткүл союздук кароосунун лауреаты (1964). Запашныйлар Россиянын көптөгөн шаарларында, ошондой эле Кытай, Болгария, Германия, Швеция, Япония жана башка мамлекеттерде гастролдо болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү