Зарч бакча суу каналы (канаты)

Зарч бакча суу каналы (канаты) — Язд облусунун Язд шаарчасынын Зарч бакчасында орун алган канал.

Каналдын мүнөздөмөсү түзөтүү

Бул канат Язд шаарында орун алган. Анын тешиктеринин көбүнчөсү Язд Жами мечитинин айланасынан орун алган. Божомолдуу түрдө бул канат Ислам дооруна чейин бар болгондугу айтылып келет, андан соң суу түтүктүн жанына Жами мечити ал жакка келгендер даарат алуу үчүн ыңгайлаштырылып курулган. Канаттын оозу Зарч шаарында орун алган. Бул канат төмөндөгү үч бөлүккө бөлүнөт: 1) Таттуу, 2)ачуу, 3) Ибрахим Хуйдаки, булардын баары биригип 71 км узундукту түзөт.

Зарч канатынын башка мүнөздөмөлөрү түзөтүү

  • Тешиктердин саны: 2115 тегерек
  • Эне булагынын тереңдиги: 85 метр
  • Учурдагы суу берүүсү: 25 литр/секунда
  • Кожоюндардын саны: 800 дыйкан үй бүлөөсү
  • Канат бакчасынын себүү деңгээли: 25 гектар
  • Айыл чарба себүү деңгэли: 400 гектар
  • Зарч канатын башкаруу жана колдонуу:
  • Сууну башкаруу, сактоо, бөлүү жана камсыздоо Зарч суу түтүгүнүн кеңеши менен кабыл алынат. Кеңеште беш мүчө бар, алар канаттын баардык суу башчыларынын ичинен, эки адам Зарч булагынан жана үч адам Зарч аймагынан тандалат. Суу түтүктүн кеңеши бир адамды атайын ыйгарым өкүл катары бир жылга дайындайт, бул адам дыйкандар менен башкармалыктын ортосундагы карым катнашты байланыштырат. Аталган өкүл сактоо, коргоо жана канатта казуу иштерин аткарууда, жумушчуларга буйрук берип, алардын айлыгын төлөп берет.

Суу түтүктүн кеңеши тарабынан эки өкүл суу башчысы катары бир жылга шайланат, бирөөсү канат суусун бөлүүнү, экинчиси Зарч жерин кароону өз ыктыярына алат. Суу башчы ар бир дыйканга керектүү суу көлөмүн иштеп чыгып бардык дыйкандарга жетиштүү суу бөлөт. Зарч булагы алты күндүк суу, ал эми Зарч суу топтогучу тогуз күндүк сууга ээ. Ал эми суу башчыларынын айлыктары дыйкандар тарабынан 15 күн жумуш ишинен кийин берилет. Бул суу түтүктүн узундугу 30 метр жана 5 булак орун алган. Канаттын эне булагынын тереңдиги 3 метр, оозунан жайгашкан жайга чейинки узундугу 50 метр. Суу чыгуу өлчөмү 10 литр/секунда. Зарч суу түтүгүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп, эгер башка булактар айлана түрүндө казылса мындагы булактардын тешиктери төрт бурчтуу болгондугунда, тарых маалыматтарына ылайык аталган булактардын казуу доору Зартушт мезгилине таандык. Бул канаттын башталышы Язд облусунун Зарч шаарында жайгашкан жана үч бутак же жер алды менен өткөн өзүнчө тунелдер алардын бар, алар: Ширин, Шур, Ибрахим Худаки. Зарч канатынын суусунан 800 дыйкан колдонот жана суу түтүк 25 гектар бакча жерин, атай кетсек, анар, жүзүм, алма, шабдаалы, анжир бакчаларын, ошондой эле 400 гектар айыл чарба жерин суу менен камсыздайт. Зарч суу түтүгү адам баласы тарабынан колго курулган эң маанилүү жер алдындагы гидротехникалык система катары 2006-жылы 7-июлда 14830 номуру менен өлкөнүн улуттук эстеликтер тизмесине катталган. Бул эстеликтин маанилүүлүгүн эске алуу менен аны кайра куруу, оңдоо долбоорлору ишке киргизилген жана суу түтүктүн жер алдындагы каналдарын кайра куруу, оңдоо иштери бүткөндөн соң Зарч канатынын тиешелүү документтерин ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине жиберүү буйругу чыккан.

Ошондой эле түзөтүү

  • Фарс облусунун Канаттарынын тизмеси

Булактар түзөтүү

  • «Өлкөнүн суу түтүктөрү тууралуу маалыматтар жыйнагы». Иран айыл чарба министирлиги.
  • Язд Зарч суу түтүгү дүйнөлүк деңгээлде. Иран Ислам Республикасынын улуттук инфор агентствосу. www.irna.ir