Зейдер-Зе булуңу - (голландча Zuiderzee «Түштүк деңиз» деген мааниде) Түндүк деңиздеги булуң. Нидерланддын жээгинде. Батыш Фриз аймагы аркылуу деңизден бөлүнөт. Булуң 1282-ж. кургактык чөгүп, аны суу жайпап калышынан пайда болгон. Жээктери түзөң, саздуу, плотина жана тосмо менен бекемделген. 3ейдер-3е булуңу шлюз тосмо аркылуу Вадден-3е (түндүк бөлүгү) жана Эйсселмер (түштүк) булуңдарына бөлүнөт. Тереңдиги 3-4 м, кеме жүрчү жери 8-24 м. Ташкындоонун бийиктиги 1,4-1,9 м. Ири порту Амстердам.

Зейдер-Зе булуңу (1658).

Колдонулган адабияттар түзөтүү