Зинаида мандалагы (лат. Tulipa zenaidae), (Vved.) - Пияз түбүнүн диаметри 3 см, кабыктары калың, кара, кара-күрөң, ичи жогору жана төмөн бөлүгүнөн жабышкан чачтай түктүү. Жалбырактарынын алдыңкы жагы топуракка көмүлүп, гүлүнүн сабагы жокко эсе болгондуктан, гүлү топурак кыртышында жайгашкандай көрүнөт. Сабагы кызгылт көк сымал, узундугу 10-15 см, жарык аз тийген көлөкө жерлерде 40 см ге чейин жетиши мүмкүн. Жалбырагы 3, ири, сүйрү, көгүлтүр–күңүрт жашыл, тарамыштары жылаңач жана ачык көрүнүп турат. Гүлү бир, сары, сырткы жагы кызыл, узундугу 5 см. Кыска сабагы өсүмдүктүн баалуулугун төмөндөтөт. Гүл коргонунун сырткы желекчелери сүйрү же кыска ромбик сымал; ичкилери – тескерисинен сүйрү. Гүлүнүн борбору кара жылдызча сымал. Аталык жипчеси сары же кара. Чаңдыгы сары.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Апрелң-майда гүлдөйт. Жаратылышта жана маданий өстүрүүдө уругу менен көбөйөт. Жалпы жана өлкөдө таралуусу. Кыргыз тоо кыркасы (Кыргызстан, Түштүк Казакстан).

Өсүү шарттары түзөтүү

Бөксө жана шагылдуу тоолордун этек жактарындагы ар кыл чөп-бетегелүү талаалардын жана бадалдардын арасында кездешет.

Саны түзөтүү

Жаратылыштагы саны чектелген.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Адамдын чарбачылык аракеттери: жаз айларында мал жаюу, гүлдөрүн үзүү, пияз түптөрүн казып алуу.

Өстүрүү түзөтүү

Интродукциялоого начар ыңгайлашкан, көчөттөрү тез эле солуп калат. Бишкек шаарынын шарттарында апрелң айынын орто ченинде гүлдөп, гүлдөөсү 8-10 күнгө созулат. Урук байлоосу жокко эсе.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн эң жыш өскөн аймактарында ботаникалык заказниктерди уюштуруп, популяциясынын абалына иликтөө жүргүзүү. Мал жайып, массалык түрдө гүлүн чогултуп, пияз түбүн казып алууга тыюу салуу керек.

Статусу түзөтүү

VU. Кыргыз тоо кыркасында чектелген аймактарды ээлегендиктен жоголуп кетүү коркунучунун алдында турган, сейрек кездешүүчү чукул (кууш) эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү