Иблис, шайтан — адамдарды жолдон чыгарып азгырган, Алланын буйругун укпай, ага душман болуп, бейиштен куулган периштенин аты. Куранда айтылган боюнча (7-, 11-, 12-, 13-, 14-сүрөөлөрдө) Алла периштелердин адамга моюн сунуусун талап кылса, оттон жаралган иблис ылайдан жаралган адамга баш ийгенден баш тарткан. Алла иблисти түбөлүк каргышка коюп, бейиште текебердик кылуу ылайык эмес деп, аны асмандан айдап, тозоктун азабын тартууну буюрган. Иблис Алладан өз жазасын өтөөнү кыяматка чейин калтыруусун өтүнөт. Алланын ырайымын алгандан кийин иблис адамдарды, жиндерди жана динге дили олку-солкуларды азгырууга киришет. Иблис өчүн алуу үчүн Адам Ата менен Обо Энени азгыруудан баштайт. Ал жыландын кейпин кийип алып, Бейиштеги Адам Ата менен Обо Энеге келип, жакшылык менен жаманчылыкты айырмалоо үчүн Алла тыюу салган бейиш багынан алма үзүп, жеп көрүүгө көндүрөт. Алла Адам Ата менен Обо Энени бул күнөөсү үчүн жазалап, бейиштен айдап чыккан. Ошондон бери И. адамдарды азгырып, түз жолдон чыгарып келет.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү