Бабушкин Иван Васильевич (3. 1. 1873-18. 1. 1906) - профессионал революционер, большевик, социал-демократиялык партиянын көрүнүктүү ишмери.

Вологда губерниясында кедей дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1887-91-ж. Кронштадт портунда, Петербургдагы Семянников заводунда слесарь. 1894-ж. В. И. Ленин баштаган маркстик жумушчу кружогуна, 1895-ж. Петербургдагы "Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзунун" ишине, "Искра" (1900) газетасын уюштурууга активдүү катышкан. 1898-ж. РСДРПнин Екатеринослав комитетин, 1900-ж. жашырын чыгуучу "Южный рабочий" газетасын уюштурган. 1900-01-ж. ар түрдүү шаарларда революциячыл иштерди жүргүзгөн. Бир нече жолу камакка алынып, сүргүнгө айдалган.

1905- 07-ж. революциянын активдүү катышуучусу болгон. РСДРПнин Иркутск жана Чита комитеттеринин мүчөсү. 1906-жылдын январында өзүнүн жолдоштору менен Читадан курал-жарак алып келе жатканда, Мысовая станциясында падыша өкмөтүнүн жазалоочу экспедициясынын колуна түшүп, сотсуз жана тергөөсүз эле атылган. В. И. Ленин аны элдик баатыр, большевиктик партиянын сыймыгы деп атаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.