Игбира (өз аталышы igbira, egbira, ebira) — Нигериядагы эл. Гурара менен Оква дарыялардын ортосунда жашайт. Бир бөлүгү Нигер дарыянын оң жээгине жылып, йорубалардын арасында жашап калышты.
Жалпы саны 1,4 млн адам (2007).

Тил

Эне тили — эбира. Ошондой эле англис, хауса, йоруба тилдерин билишет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга, жаратылыш күчтөрүнө, жогорку асман кудайына Хинегбага сыйынышат.
Калгандары христиандар (католиктер жана афрохристиандар) жана мусулмандар (сүннөттөр).

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (ямс, таруу, маниок, күрүч, жүгөрү, жержаңгак, какао, пахта), малчылык (ири мүйүздүү мал, чочко), аңчылык, балык уулоо.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүк — кебез кездемелерин ийирүү, токуу жана боёо (игбира Нигериядагы эң мыкты токуучулар деп эсептелет), токуучулук, карапачылык, темир устачылык.

Коом

6 тотемдик патрилинейлик кландар (Арстан, Барс, Крокодил, Питон, Варан жана Теке), чоң үй-бүлө жамааттары, курак институттары, жашыруун эркектер коомдору сакталган. Чоң аталары жана неберелери, ошондой эле бир нече. туугандардын категориялары тамаша мамилелери менен байланышкан. Бетти жана денени тырмалоо, эркек балага инициация жасоо практикаланат. Жамгыр жаадырган дин кызматчылар бар. Негизги майрамдар – оруу-жыюу жана согуштун духу (Аканги).

Турак жай

Конуштар чачыранды. Чатыры конус түрүндөгү тегерек үйлөрдө жашашат.

Тамак-аш

Негизги азыгы – дан эгиндерден жана жашылчалардан жасалган ботколор жана сорполор, балык. Тамака ачуу татымалдар кошулат.

Тарых

Уламыш боюнча, игбиранын ата-бабалары игала менен байланышкан жана Ида шаарынан келген.
18-кылымдын ортосунда игбира уруулук бирикмелер (панда, котон, карифи ж.б.) пайда болгон. Аларды 19 кылымдын ортосунда фульбе басып алган. Басып алуу учурунда игбира түштүк уруулары бөлүнүп, Нигер дарыянын оң жээгине көчүп кетишти.

Булактар

түзөтүү