Ийге келүүчүлүк — металл жана эритмелердин басым астында (прокаттоо, чоюу, пресстөө, штамптоо) ийге келүү жөндөмдүүлүгү. Көпчүлүк таза металлдар латунь, дуралюмин, жез, алюминий, магний, никель ж. б. жакшы ийге келет. Ийге келүүчүлүк эки көрсөткүч менен мүнөздөлөт пластикалуулук (металлдын ийкемдүүлүгү) жана деформацияга болгон каршылыгы. Ийге келүүчү металлдардын ийкемдүүлүгү жогору, ал эми деформацияга каршылыгы төмөн болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү