Бул — терини колдо иштетүү. Тебелеп, ушалап, жумшартып, талкууга коюп, бодонун, жандыктын терилерин ийине келтирүү.

Ийлөөнүн эки түрү бар. Майда жандыктардын (кой эчки) жана кайберендердин терилери кол учунда эле ийленет. Бодонун, бугу-маралдын терилери атайын талкууга түшөт. Терини ийлөө жолу менен кол булгаары (көн), кайыш (ак кайыш), чанач жасап, ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө узанышып, каада-салттуу буюмдарды жана элдик кийим-кечектерди тигишкен.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)