Илоттор - (гр. heilotai) Байыркы Грекиядагы Спарта багындырып алган Лаконики менен Мессениянын калкы. Спартада мамлекетке көз каранды болушуп, дыйканчылык менен кесип кылышкан калк. Илоттор кулдардан айырмаланып, өздөрүнүн жери, аны иштеткен шаймандары болгон. Жер ээлери илотторду сатууга. өлтүрүүгө акысыз болгон. Илоттор Спарта коомунун бардык укуктарынан пайдаланган эмес жана мамлекет тарабынан белгиленген салык эрежеси боюнча түшкөн түшүмдүн жарымын кожоюндарына берген. Спарталыктардын катуу эзүүсүнө байланыштуу илоттор көтөрүлүшкө чыгып, ал тарыхта 2-Мессен согушу (б. з. ч. 7-к.) деп аталып калган. Илоттордун көтөрүлүшүн болтурбоо үчүн спарталыктар аларды мезгил-мезгили менен жазалап турушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү