Илья Романович Пригожин (фран. Ilya Prigogine; 1917-жыл 12-январь, Москва - 2003-жыл 28-май, Брүссел, Белгия) Орусия тектүү белгиялык физик жана физикохимик. 1977-жылкы химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, Белгиянын виконту. Урматына астероидге аты ыйгарылган: Пригожин астероиди (11964).

Илья Пригожин (1977).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Эң негизги жетишкендиктеринин бири - тең эмес термодикамикалык системалардын бар экенин көрсөткөнү болуп саналат. Бул системалар белгилүү шарттарда айланасынан энергияны жана заттарды соруп алып, сапаттык жактан татаалдашууга секирик жасашы мүмкүн (диссипативдик структура). Андыктан, мындай секирик статистиканын классикалык мыйзамдарына ылайык, мурдатан билинбейт. Бул системалар кийин анын атынан аталган. Мындай системаларды өлчөө анын 1947-жылкы аракеттеринин аркасында мүмкүн болгон.

Лиувиллдин ансамбль үчүн теңдемесинин чечилиши менен Шредингер теңдемесинин чыгарылышы ортосунда формалдуу аналогия жасап, статистикалык механика жаатында терең изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Ачык системада энтропия өндүрүшүнүн минимумун, тактап айтканда, тең салмаксыз жүрүмдөрдүн сызыктуу термодинамикасынын негизги теоремаларынын бирин далилдеген. Сызыксыз жаат үчүн Гленсдорф менен авторлошуп, Гленсдорф - Пригожин эволюциясынын жалпы критерийин калыптандырган. («The Rediscovery of Time» аталышындагы эмгегинде) "убакыттын кайрадан ачылышы" терминин киргизген. Бул термин убакыт кубулушунун бар экенин түшүндүрүү маселесин аныктайт.

Сыйлыктары түзөтүү

1982-жылы Пригожин СССР Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болгон. Анын эмгектери көп жолу орус тилине которулган. Анын эмгектерине жалаң эле физик жана химиктер эмес, биологдор, палеонтологдор, математиктер, тарыхчылар жана филологдор кайрылышат.

1955-жылы Франки сыйлыгын алган

1989-жылы Белгиянын падышасы Пригожинге виконт титулун тартуулаган.

Шилтемелер түзөтүү