Имам Реза мечити مسجد امامرضا түзөтүү

Мешхед шаары Ирандын түндүк чыгышында жайгашып, Хорасан аймагынын административдик борбору болгон. Ахеменид династиясын негиздеген Кир II (559-525 жж.) убагында жана Дарий I бийлик жүргүзгөн мезгилде иран маданияты болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишкен. Ошондой эле бул өрөөндүн эли Александр Македонскийдин, Омейяд, Аббасид халифаттарынын, Чынгызхандын, Эмир Темир жоокерлери менен салгылашып, Хорасандын кооз аймагын, элин, жерин баатырдык менен коргоого нечен ирет аракет жасашкан. Илгери IХ кылымга чейин азыркы Мешхед шаарынын ордуна Санабад деген чакан айыл болгон экен. Бул аймакта ислам динин таратуучу, сегизинчи чоң аалымы Имам Резаны динсиздер мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүшкөн. Аны өлтүргөн жер (машхид) башка мусулмандар үчүн кандайдыр бир касиеттүү жер катары бааланып, ал жерге сыйынган адамдар көбөйүп, бул айыл тез эле шаарга айланган. Мешхед шаарындагы ислам цивилизациясынын бирден бир көрүнүктүү эстелиги катары Имам Резанын сөөгү коюлган күмбөз, мечит жана анын музейи болуп эсептелет. Ирандын мыкты архитектор-инженерлдери менен чебер усталарынын колунан күмбөздүн тегерегинде эң зор кооз, бийик имараттар курулган. Имам Резанын сөөгү коюлган күмбөздүн үстү 20 метр бийиктиктеги алтындын буусунан жасалган жалтыраган купол менен жабылган. Ал эми күмбөздүн тегереги 2 кабаттан турган узун имараттар, аркалар менен курчалган. Түштүк тарабында эң чоң Гаухаршод мечити курулуп, анын 2 минарети 43 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, бирюзалуу 2 куполдон турат. Бул минареттерде ар күнү 5 маалазан айтылып турат.

Мечитке зыярат түзөтүү

Мечитке жана Имам Резанын күмбөзүнө сыйынуу үчүн Мешхед шаарына дүйнөнүн булуң-бурчтарынан жылына миллиондогон мусулмандар келип-кетип турушат. Мешхеддеги бул ыйык күмбөз жана мечит мусулмандар зыярат кылган ыйык жайга айлан. Имам Резанын сөөгү Мечитке кире берген жерден 50 метр арыраак жайгашкан бийик табыткакоюлган. Анын үстү алтын алтын жалатылган, жалтыраган кооз килем менен жабылган. Негизинен, мечитке мусулмандар Имам Резанын арбагына таазим кылып, сыйынып табытка колдорун тийгизип, өздөрүнүн арман муңун айтып, ичиндеги буктарын чыгарып, кээси солкулдап ыйлап, кээ бири чөгөлөп, сыйынып көксөөсүн суутуп, руханий жактан тазаланышат. Ал мечиттин табытынын жанында күнүнө 300-400дөй адам бата турган чакан бөлмөчөдө бир-бирин түртүшүп табытка колдорун жеткиришип Кудайдан зыяраттары жана дубалары кабыл болуусун тиленишет. Мындай көрүнүш сырттан караган адамга ислам динине өтө берилген фанатизмдей болуп көрүнсө, экинчи жагынан, ал мусулман адамдардын өз динине болгон ишениминин өтө күчтүүлүгүн, тазалыгын айгинелеп турат.

Мечиттин курулушу түзөтүү

Ислам доорундагы Иран маданияты тарыхый архитектуралык курулуштары башка мезгилдерден айырмаланып, өзгөчөлөнүп турат. Айрыкча Иран мамлекетинде IХ-ХII кылымдарда курулган мечиттер, медреселер бүгүнкү күндөгү эң кооз, ажайып тарыхый эстелик катары өтө балуу жана ал перстердин зор сыймыгы болуп эсептелет. Башка мусулман өлкөлөрүндөгү мечиттерден Ирандагы мечиттердин курулушунун өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурсак, алардын кире беришиндеги (верандалар) төрт бурчтуу чоң, бийик дубалдары ачык түстөгү жылмаланган таштар менен кооздолгон же болбосо жаркыраган күзгүлөр кадалганын байкоого болот. Ошондой эле Ирандагы мечиттердин дагы бир айырмасын чатырчаларынан (купол) көрөбүз. Алардын сырткы жана ички түзүлүштөрү бири-бирине окшобогондугу, жети бурчтан барып бириккен чатырдын асты-үстү эки чыныдай болуп бөлүнүп тургандыгы менен башкача. Дагы бир өзгөчөлүгү ар кандай кооз сүрөттөрдүн мечиттерде, медреселерде тартылышы болуп саналат.

Шилтемелер түзөтүү

  • Ирандын улуттук мурастар тизмеси,
  • Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм уюму.

Булактар түзөтүү

  • Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм уюмунан алынды, 13 октябрь 2015 жыл.
  • Ирандын тарыхый калдыктарынын бирине арналган чакан макала, Википедияга жардам бергиле Википедияны өнүктүрүү.

Архитектура, дин