Асанбек Иманбаев

Иманбаев, Асанбек‎»‎ барагынан багытталды)


Акын, котормочу, тележурналист Асанбек Иманбаев Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 1943-жылы 16-сентябрда туулган. 1961-жылы Пржевальск шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатын, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Тажик ССРинин Жерге-Тал районундагы Токтогул атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1967–1968-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, 1969–1971-жж. Ош шаарындагы №24 мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1971–1977-жж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде редактор, улук редактор, 1977–1983-жж. «Мектеп» басмасында редактор, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Республикалык илимий-методикалык борборунда редактор, улук редактор, 1983–1999-жж. Кыргыз телерадио комитетинде редактор, улук редактор, баяндамачы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары болуп иштеген. Анын ырлары студент кезинен баштап республикалык гезит беттеринде жарыяланып, алгачкы ырлар жыйнагы «Жаз келатат» деген ат менен 1972-жылы жарык көргөн. 300гө жакын ырларына обон жазылып, айрымдары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Ал 100 гө жакын сатиралык интермедияларды жаратып, алар «Мыскыл жана тамаша» телеберүүсүндө пайдаланылган. А.Иманбаев «Нооруз» майрамына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү искусство жана адабият ишмерлеринин маараке салтанаттарына сценарийлерди жазган. Ал акын Т.Кожомбердиев менен бирге Г.Гейненин «Лирикасын», С.Айнинин, Милевдин, Л.Левчевдин чыгармаларын которгон. 1982-жылдан Театр ишмерлер союзунун, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Асанбек Иманбаев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанбек Иманбаев
Туулган жылы: 1943-жылы 16-сентябрь
Туулган жери: Бөкөнбаевайылы, Тоң району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, котормочу

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Жаз келатат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 36 б.
  • Издер: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1980. – 96 б.

Котормолору түзөтүү

  • Драгунский В. Шар үстүндөгү кыз. – Ф.: 1979. – 6 б.
  • Гейне Генрих. Лирика: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 204 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү