Турдали Иматов

Иматов, Турдали‎»‎ барагынан багытталды)


Акын Турдали Иматов Баткен районунун Сан-Сарай кыштагында 1957-жылы 4-мартта туулган.

Иматов Турдали
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Иматов Турдали
Туулган жылы: 1957-жылы 4-март
Туулган жери: Сан Сарай айылы, Баткен району, Баткен облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын,
Учурдагы кызматы: Такталууда

1974-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин, райондук автобазада айдоочу болуп эмгек жолун баштаган.

1975–1977-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөп,

1977–1982-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин аяктап,

мугалимдик адистикке ээ болгон. 1982–1984-жж. мектепте мугалим,

1984–1986-жж. Эл депутаттарынын райондук кенешинин аткаруу комитетинде бөлүм башчы,

1986–1990-жж. райондук билим берүү бөлүмүндө методкабинеттин башчысы,

1990–1994-жж. райондук профсоюз комитетинин төрагасы, 1994–1996-жж. райондук маданият бөлүмүнүн башчысы,

1996–1998-жж. элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору,

1998–2000-жж. И.Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университеттин Баткен районундагы филиалынын директору,

2000–2002-жж. Баткен мамлекеттик университеттин проректору,

2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба жана ирригация боюнча мамлекеттик комитетинин маркетинг

башкармалыгынын башчысы, орун басары кызматтарында эмгектенип келе жатат.

1995-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» деген ардактуу наамга ээ болгон.

2000-жылы райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.

2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Айгүл тоо кайрыктары: Ырлар. – Б.: ОсОО “Сабыр”, 2001. – 47 б.

Кыргыз тили сабактарында байланыштуу кепти окутуу: Орто мектептин мугалимдери, жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн методикалык курал.

  • Б.: ОсОО “Сабыр”, 2001. – 37 б. (авторлош).
  • Кечиккен жаз: Ырлар. – Б.: “Маданият” басма үйү, 2009. – 143 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6