Токтогул Имашов

Имашов, Токтогул‎»‎ барагынан багытталды)

Акын, журналист Токтогул Имашов Нарын районунун Учкун айылында 1936-жылы 31-январда туулган.

Имашов Токтогул
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Имашов Токтогул
Туулган жылы: 1936-жылы 31-январь
Туулган жери: Учкун айылы, Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, журналист
Учурдагы кызматы: Такталууда

1965-жылы Куланак балдар үйүндө тарбияланып, Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинин журналистика бөлүмүндө билим алган.

Эмгек жолун «Советтик Кыргызстан» гезитинде корректор болуп иштөө менен баштап,

кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын «Манас» секторунда улук лаборант,

Республикалык эл чыгармачылык үйүндө улук методист, «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында корректор,

редактор, «Кыргызстан пионери» гезитинде кабарчы, Кыргыз мамлекеттик улуттук телерадиокорпорациясында радио боюнча музыкалык

башкы редакциясынын редактору болуп эмгектенип келген.

Чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөндө башталып, 1948-жылы «Октябрь таңы» райондук гезитинде алгачкы ырлары жарык көргөн.

Университетте окуп жүргөндө республикалык «Кыргызстан пионери», «Тянь-Шань правдасы», «Ленинчил жаш» гезиттеринде макалалары,

ырлары, «Учкун» альманахында Чынгыз Айтматовго арналган «Тоо бүркүтү» деген ыры жана «Темир канат» альманахында Кычан Жакыповго арналган поэмасы жарык көргөн.

«Сенин репертуарың» репертуарлар жыйнагында «Айып кимде», «Чыпалагымдын сыры», «Күнөө кимде» пьесалары, интермедиялары,

публицистикалык макалалары гезит-журналдарда жарык көрүп турган.

Т.Имашевдин жазган ырларына С.Жумалиев, С.Исраилов, И.Рысалиев, М.Исаков сыяктуу композиторлор музыка жаратышып,

Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Ал жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Бульварым: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 24 б.
  • Күн желеси: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 55 б.
  • Колум жетет булутка: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. –35 б.
  • Өмүр таңы: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1986. – 74 б.
  • Менин досум: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1988. – 40 б.
  • Ак калпак кийсек жарашат: Ырлар.  Б.: Зээн, 2007.  54 б.
  • Темир-Тоо кайрыктары: Ырлар.  Б.: Зээн, 2009.  196 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6