Мамыр Иминжанов

Иминжанов, Мамыр‎»‎ барагынан багытталды)


Сатирик жазуучу Мамыр Иминжанов Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Кыдырша айылында 1939-жылы 6-апрелде туулган. Айылдагы орто мектепти аяктап, 1964-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1964–1966-жж. мектепте мугалим, 1966–1972-жж. Кара-Суу райондук «Эмгек майданы», Ош облустук «Ленин жолу» гезиттеринде кызматкер, 1972–1980-жж. облустук телерадио комитетинде башкы редактордун телекөрсөтүү боюнча орун басары, 1980–1995-жж. республикалык телерадиокомитетинде адабий-драмалык редакциясында улук редактор, 1995-2002-жж. «Ош–3000» (азыркы ЭлТР коомдук телерадио компаниясы) теле каналында кызматкер болуп иштеген. Ал «Кутмандуу болсун күнүңөр», Бетке айткандын заары жок» адабий-сатиралык радио журналдарын 15 жыл даярдап чыгарып, республиканын аймагына кеңири тараган «Ыр кесе» оюн-зоок программасынын автору болгон. Чыгармачылык жолу 1965-жылдын октябрь айында «Чалкан» журналына «Мандайыма жазылганы» аттуу алгачкы сатиралык аңгемеси басылган учурдан башталган. Ошондон баштап республикалык гезит-журналдарда анын сатиралары жарыяланып, радиодон берилип келет. 2007-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги болгон. 1981-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Иминжанов Мамыр
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Иминжанов Мамыр
Туулган жылы: 1939-жылы 6-апрель
Туулган жери: Кыдырша айылы, Кара-Суу району, Ош облусу
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Сатирик жазуучу


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Сага айтам: Сатиралар. – Б., 1981. – 72 б.
  • Чырпык: Сатиралар жана повесттер. – Б., 1988. – 75 б.
  • Өлгөн адамды күлдүргөн: Сатиралар. – Б., 1998.– 88 б.
  • Куйручуктун курдашы: Сатиралар. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 1999. – 84 б.
  • Менин эртеңим: Балдар үчүн. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2005. – 20 б.
  • Кара-Суунун карлыгачтары. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2007. – 188 б.
  • Кара-Суунун 100 атуулу: Көркөм маалымат. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2007. – 147 б.
  • Күлгөндүн билгени бар: Сатиралар. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2008. – 120 б.
  • Каалоолор жана арноолор: Сатиралык ырлар. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2009. – 72 б.
  • Өмүрдү экчеген жылдар: Повесть, очерк сатира. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2009. 332 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү