Имитация (латын тилинен imitatio - тууроо, эликтөө) - 1) кандайдыр бир нерсени окшоштуруп тууроо, кайталоо; 2) музыкада - көп үндүү музыкалык чыгармаларда бир үн менен аткарылган ыргакты башка үн менен куду өзүндөй кылып же өзгөртүп кайталоо. Андан бир нече үн кезектешип же чогуу чыгып, полифониялык ыргакты түзөт. Дайыма кайталанган имитация канон деп аталат.